"Төрөлгөнүмө 3 ай болгондо апам ооруп калып, чоң апамдын колунда өстүм" - Мырзакул Мамбеталиев
Бул жолку маегибиз, Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын ""Маалымат" студиясынын продюсери Мырзакул Мамбеталиев агай менен болду. Белгилей кетсек, каарманыбыз бүт өмүрүн КТРКга арнаган инсан. Өткөндү эстеп, төмөнкүлөрдү айтып берди.
Туулган жердин топурагы алтын
1959-жылдын 20-февралында Чүй областынын, Чүй районунун Кош-Коргон деген айылында төрөлгөм. Балалыгым да ошол айылда өттү. Мектепти 1976-жылы аяктап, жогорку окуу жайга тапшырып калдым. Башында юрист болгум келчү. Балким балалык кыялым болгондур. Бирок ал кезде мындай тартип бар эле, юрист болуш үчүн 2 жыл армияда кызмат өтөп же колхоз-совхоздо калып иштеш керек эле. Анан ойлонуп, ошол кезде СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинде журналистика факультетинин кайрадан ачылганына 2 жыл болгон экен. Ошого тапшырып калдым. Бул дагы кокустан болгон жок. Анткени мектепте окуп жүргөндө дубал гезиттеринин редактору болуп, макала, ыр жаза коюп жүрдүм. Мындан тышкары "уй тилиндей" болгон кабарларым "Ленинчил жаш", "Кыргызстан пионери" деген гезиттерге да чыгып калчу.
Тагдырдын дагы окшоштугу болушу керек, мектепте чакадай болгон үн чыгара турган радио бар эле. Аны мектептин чатырына коюп, ар үчүнчү саат сайын 15 мүнөттүк танаписте мектептеги жаңылыктар, ким сабака келген жок, кимиси тартип бузду, кимиси сабактан качып жүрөт, кимиси комсомолдук төлөмдү төлөбөй жүрөт, айтор ушундай маалыматтарды берип, алып барып жүрчүмүн. Ал учурда ойлогон да эмесмин телерадиого келип каларымды.
Китеп – билим булагы
Ошентип журналистикага бөлүмүнө тапшырып калдым. 70 баланын ичинен отузун тандап алды. 4 сабактан экзамен бердик. Ар бир сабак боюнча комиссиянын 7-8 мүчөсүнүн катышуусунда сынак өтүп, билеттен тышкары кошумча суроолорду да узатышты. 4 экзаменди 1 айда берип бүттүк.
Кыргыз тили, адабият жана тарых сабактарынан болгон сынакта 5 алдым. Чет тилинен болсо кыйналдым. Анткени айылда улгайып калган эже жарымы кыргызча, жарымы немисче кылып окуткан.
Сынак учурунда болсо чет тилдин тамгаларын тааныганым менен, түшүнбөйм. Сөздүктүн жардамы менен 2-3 абзацын 3 саатта котордум окшойт. Экзамен алган эже кыргыз экен. Ал басып келип мени карап, мурунку экзамендердин баасын көрүп, эгер 2 койсом окууга өтпөй каласың деп 3 коюп берди. Ал кезде балл саначу. Анын жыйынтыгы менен жогорку окуу жайга өтүп кеттим.

1979-жыл. 2 жылдай штаттан тыш кызматкер болдум. Саясий багытта эмгектенип, партиянын иши, багыты тууралуу материалдарды даярдап жүрдүм.
Студенттик кез да жакшы өттү. 2-курстан баштап чыгармачыл практикага жибере баштады. 2-3-курстарда гезиттерге бардым. Ал жерде редакцияга келген каттарды карап чыгып, аларга жооп жаз деп отургузуп коюшту. Чакан жазылган макаламды чыгарымыш болушту, ошентип практикам да бүтүп калды. 4-курста окуп жүргөнүмдө, биздин айылдык Ырысбек Мамытов деген байке телевидениеде иштечү. Азыр ардактуу эс алууда. Ал мага, Мырзакул сен өзүң журналист болом деп жүрөсүң, радиого келип өзүңдү сынап көрбөйсүңбү деп чакырып калды. Анан радионун балдар бөлүмүнүн башчысы Мустафа Өмүрзаков менен жолугуп калдым. А кишинин көзү өтүп кетти. Ыйманы саламат болсун. Ошол агай менин жазгандарымды карап, көңүлүмдү ооруткусу келген жокбу, айтор жарайсың, бизге катышып тур деди. Бул 1979-жыл болчу. Ошентип уктурууларды даярдап, монтаждоо ишине катышып иштей баштадым. 2 жылдай штаттан тыш кызматкер болдум. Ал кезде радио менен телевидение бир редакция болчу. Мен болсо саясий багытта эмгектенип, партиянын иши, багыты тууралуу материалдарды даярдап жүрдүм.
1981-жылы жогорку окуу жайды бүттүм. 3 ай армиянын окуу-машыгуу жыйынында болуп кайттым. Андан соң штаттан тыш кызматкер катары ишимди улантып жүрдүм. Бир күнү ошол кездеги төрага Асанбек Токомбаевге кирип калдым. Ал менден, балам бул жакта эмнеге кызыгып жүрөсүң деп сурап калды. Агай, мага бул жакта иштеген жагат десем, бизде айлык аз, жатакана да жок деп калды. Ага да макул болдум. Максатым, ишке кириш керек болчу. Жыйынтыгында, Асанбек Токомбаев буйрук чыгарып, 1981-жылдын 5-ноябрында штаттык кызматкерге айландым. Штаттан тыш иштеген жылдан бери эсептесем 40 жыл болду.
Радиодо 5-6 жыл иштедим. Телеге жаш, жаңы өңдөр керек болуп, мага сунуштап калышты. Ал жака баруудан корктум. Радиого көнүп калган элем. 5 айдай барбай жүрдүм. Бир күнү башкы редактор Рыскул Айталиев, арызыңа телеге барам деп жаз, же жумуштан бошот деп жаз деди. Ошентип телевидениеге өтүп калдым.
Алгачкы жасаган көрсөтүүм азыркыга чейин эсимден кетпейт. Ал убакытта ченеми он тогузунчу болгон ичке пленка, слайд, кара жана ак түстөгү фото болуп эле эфирге чыкчубуз. Аны да ченеп берет. Фучик көчөсүндөгү Фрунзе заводу бар болчу, айыл чарба унааларын чыгарган. Ошол жерге барып репортаж даярдап келгиле деп калды. Ал жакты тартып келдик. Монтаж бүтүп, жазуу иштери калган эле. Радиого көнүп калган жаным тексти бат окуп, кадрлардан ашып кетип, техника жөнүндө айтып жатсам кишилер көрүнүп, кишилер тууралуу айтканда техника көрүнүп, режиссер Замира Тыналиева болсо ашып кеткен жерлерден токтотуп кайра окутуп, кыскасы кара терге түштүм. Акырында мага, азыр дагы бир жолу жазабыз, болбосо кечинде эфирге түз чыгасың дешти. Бул сөздү укканда эки эсе тердеп чыктым. Эптеп отуруп ишти аягына чыгардык, бирок 3 мүнөт эрте бүтүп калды. Ал кезде 3 эмес жарым мүнөт эрте бүткөнү үчүн эскертүү берилчү же сөгүш аласың. Анткени азыркыдай ролик, анонс деген түшүнүк жок. Азыркыдай жарнамалык роликтер да жок. Бир көрсөтүү бүтүп экинчисине өтөөрдө, тоонун сүрөтүн коюп эле кийинкисине өтүп кете берчү. Айтор, телевидениеге жасаган биринчи материалым азыркыга чейин эстен кетпейт.
Биз өзү 12 бир тууганбыз.
3 жыл мурда бир иним каза болуп калды. Бир туугандарым айылда турат.
Атам жөнөкөй дыйкан адам эле. Кезинде сугатчы, бригадир болуп иштеди. Таң заардан жумушка кетип, жарым түнгө таяп келчү. Себеби, ишке баш оту берилген адам болчу. Атам бизге ар дайым айтып калчу, бирөөгө жамандык каалабагыла, байлыгына көз артпагыла. Бириң окуп министр болосуңбу, же айылда калып сугатчылык менен алек болосуңбу, айтор силер мага барыңар бирдейсиңер дечү. Атама кошоматчылык, эки жүздүүлүк, калп айтуу деген сапаттарды жек көрчү. Жеке жашоосу жана сөзү менен атам бизге тарбиялык чоң таасир калтырды.

Ыр китептерди окуганды жакшы көрчүмүн.
Төрөлгөнүмө 3 ай болгондо апам ооруп калып, чоң апамдын колунда өстүм. Алар тоодо турчу. Азыр ойлоп көрсөм, жеке чыгармачылыгыма жаратылыш таасир этсе керек. Бала чагымда ыр китептерди окуганды жакшы көрчүмүн. "Манас", "Семетей", "Сейтек" эпосторун айылда мал жайып жүргөн аксакалдар мени чакырып алып окутушчу. Бул дагы өз кезегинде мага оң таасирин тийгизди.
Кези келгенде өзүм да ыр жаза койчумун. Мектепте окуп жүргөндө тилден жана адабияттан сабак берген мугалимдер мага көп көңүл бурушуп, жазган ырларым менен конкурстарга катышып жүрдүм. Бирок турмуш өз элегинен өткөрүп, кимдин канчалык акындык чеберчилиги бар экенин аныктап койду. Жогорку окуу жайдын журналистика бөлүмүн 50дөй студент аяктап, арасынан Кыялбек Урманбетов Кыргыз эл акыны болду. Ал эми Жыпар Акунова деген кызыбыз акын деген наамга татыкту болуп чыкты. Мындан тышкары Клара Кичинемолдоеваны дагы мыкты акын деп айтууга болот.
Балдарыма ыраазымын. Сөзүм өтөт.
1 кыз 1 уулум бар. Неберем 3 жашка жакындап калды. Неберелүү болуу деген өзүнчө бир кызык дүйнө. Аны неберси барлар билет. Үй-бүлөбүздө өзүбүзгө жете турган оокатыбыз бар. Атам айткан тарбиялык мааниси бар сөздөрдү уулума, кызыма, келиниме айтып калам, бирөөгө кара санабагыла, жамандык кылбагыла, билип билбей кыянатчылыкка барып калган болсо кечиримдүү болгула деп. Балдарыма ыраазымын. Сөзүм өтөт.
Хобби
Бала кезде волейболго кызыгып жүрчүмүн. Азыркы учурда бак өстүргөндү жакшы көрөм. Ошондон рахаттанам.
Жаз келгенде алмаларды кыйыштырып, аларды отургузуу менен алектенем.
Бак өстүрүү боюнча адис эмесмин. Интернеттен карап окуп, кээде билген адамдардан кеңеш алам.

"Телевидениеде 40 жыл иштедим. Өткөн жылдар үчүн өкүнбөйм. Башында мага телевидение кызыктуу дүйнө болуп көрүнгөн, азыр да ошондой. Анткени жыл сайын бул тармак жаңыланып турат. Телевидение адамды өзүнө тартып алмай дараметке, касиетке, күчкө ээ" - Мырзакул Мамбеталиев

This site was made on Tilda — a website builder that helps to create a website without any code
Create a website